lotype of industrial kyrgyzstan marginbottom10

УЧУРДА КӨП КАБАТТУУ ҮЙЛӨРДҮ КУРУУНУ ПЛАНДАП ЖАТАБЫЗ

Бүгүнкү күндө Кара-Суу району өлкөдөгү эң ири район болуп саналат. Буга чейин эмнелер курулган жана келечектеги пландар тууралуу Нуралы Аматов, Кара-Суу райондук шааркурулушу жана архитектура башкармалыгынын башчысы маек куруп берди.

 ̶ Нуралы мырза, сиз көп жылдан бери курулуш, архитектура жаатында иштеп келесиз, иштериңиз илгерилей берсин. Бүгүнкү күнү Кара-Суу району өлкөдөгү эң чоң райондордун бири болуп саналат. Райондун бюджети көп кабаттуу үйлөрдү курууга мүмкүнчүлүк береби? Анткени жер тилкелерин жарандарга берүү токтотулду. Негизи эле, көп кабаттуу үйлөрдү куруу канчалык деңээлде маанилүү?

̶ Албетте, биздин район республика боюнча эң чоң район болгондуктан, 25 миңден ашуун жаран жер тилкелерин алууга кезекте турушат. Андыктан биз жогору карай өсүүбүз зарыл. Учурда райондун борборунда көп кабаттуу үйлөрдү курууну пландап жатабыз. Мисалы, биздин районго караштуу Сарай айыл аймагы районго чектеш жайгашкандыктан, аталган айыл аймактын казынасындагы акча каражаты көп кабаттуу үйлөрдү курууга жетет. Ушул боюнча менде да жеке пландарым бар. Бирок бизде эң көйгөйлүү маселе – канализация маселеси. Райондо канализация системасынын жоктугуна байланыштуу, көп кабаттуу үйлөрдү куруу кечендөөдө. Эл өкүлдөрү колдоп беришсе, 2017-2018-жылдар аралыгында бул маселе чечилет деген ишеничтебиз. Эгер маселе чечилип калса, көп кабаттуу үйлөрдү курууну баштайбыз деп турабыз. Учурда ошол Сарай айыл аймагындагы борбордук көчөлөрдө курулуш иштери боюнча пландын үстүндө иштеп жатабыз. Ал үйлөр 4-5 кабаттуу болот. Анткени Кара-Суу району сейсмикалык жактан кооптуу район болгондуктан, андан бийик үйлөрдү курууга болбойт.

̶ Буга чейин курган маегиңизде сиз мектепке чейинки мекемелердин жетишсиздигин жергиликтүү ишкерлердин жардамы менен чечкениңизди айткан элеңиз. Бул сиздин демилгеңиз болгонбу? Мындан сырткары да райондо сиздин демилгеңиз менен кандай иштер аткарылды?

 ̶ Тарбия бала бакчадан башталышы керек деген ойдо бала бакчаларды алдыңкы орунга койгонбуз. Быйылкы жылдын эсебинен эле 13 бала бакча курулуп, ишке берилди. Ошонун ичинен 2 объект муниципалдык болсо, 11 объект жеке менчик болуп саналат. Алардын иштеши менен 600дөн ашык жумушчу орун пайда болду. Буга, албетте, жеке ишкерлердин салымы чоң болду. Аны менен гана чектелбестен, спорт комплекстерин куруу иштери жүрүп жатат. Мисалга алсак, районубузда бүгүнкү күндө 4 спорт комплекси курулуп жатат. Мындан сырткары 5 жеке менчик медициналык объектиси ишке берилди, 3 окуу борбору ачылды. Алардын иштеши менен районубузда 600дөн ашык жумушчу орун пайда болду.

̶ Сиздин шаар куруу боюнча кандай максаттарыңыз бар эле? Аларды канчалык денгээлде орундата алдыңыз? Анткени ар бир архитектордун алдына койгон чоң максаттары болот эмеспи.

 ̶ Буга чейин районубуздун башкы планы 67-70% болуп келген болсо, акыркы учурда берилген жер участокторго башкы план иштелип 100%га жетти. Биздин ишибиз дал ошол башкы пландын негизинде жүрөт. Анын негизинде 1-2 кабаттуу эмес, 5 кабаттуу үйлөрдү курууга көңүл буруп келебиз жана булардын баары жашоо шартты өзгөртүүгө болгон аракет болуп саналат. Ал үчүн райондо долбоор негизинде курулуп жаткан ар бир имаратты талкуулап, заманбап кылып курууну сунуштайбыз. Аны менен биз районубузду мүмкүн болушунча кооз кылып өзгөртүүгө өз салымыбызды кошуп келебиз.

̶ Белгилүү болгондой, өткөн жылы сиз Архитектура, курулуш жана турак-жай –коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттигинин Ардак баракчасы менен сыйланыптырсыз. Бул сиздин курулуш жаатында кошкон салымыныздын үзүрү. Алдыда районду өнүктүрүү боюнча дагы кандай сунуштарыңыз бар?

̶  Негизинен, бардык нерсе акча каражатына барып такалат да. Бүгүнкү күндө районубуздун экономикасы өсүп жаткандыктан, биздин иштерибиз да алдыга жылып, мага Мамлекеттик агенттик тарабынан аталган сыйлык тапшырылды. Муну менен гана чектелип калбастан, келечекте мындан да жакшы жыйынтыктарды көрсөткөнгө болгон күч-аракетибизди жумшайбыз.

̶  Сиздин оюңуз боюнча, сиз аркалаган кесиптин ээлери кандай сапаттарга ээ болуусу шарт?

̶ Бул боюнча биз ар дайым изденебиз. Мисалга айта кетсем, өткөн жылы коңшу Казакстан Республикасына тажрыйба алмашуу максатында үч кызматкерибизди жөнөткөнбүз. Алар аталган өлкөнүн курулуш, архитектура тармактары менен жакындан таанышып, тажрыйба алмашып келишти. Ал гана эмес, дагы башка үч кызматкерибизди да билимин жогорулатып келүү максатында Бишкек шаарына окууга жөнөттүм. Анткени кызматкерлерибиз заманбап тажрыйбага ээ болуп, билимин жогорулатып туруусу керек. Убакыттын өтүүсү менен биздин жумуштардын баары компьютердин жардамы аркылуу бүтүп жаткандыгына байланыштуу, жаңы технологиялардын баарын өз убагында өздөштүрүп туруубуз зарыл. Мындан сырткары, керектүү материалдык-техникалык каражаттарыбыз жетиштүү. Алардын бири – плоттер деген аппаратыбыз. Анын жардамы менен биз алгач имараттын чиймесин даярдап, андан соң аны көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгүбүз болот.

̶ Бүгүнкү күндө өзүңүзгө маалым болгондой, өнүккөн өлкөлөрдө укмуш имараттар курулуп жатат. Бул өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу болот эмеспи. Ошол эле учурда алар курулуштун бир канча үнөмдүү ыкмасына өтүп жатышат. Бизде да үнөмдүү ыкмаларды пайдаланып, кооз имараттарды курууга мүмкүнчүлүк барбы?

̶ Бул боюнча биз, жогоруда айтып өткөндөй, башка өлкөлөр менен тажрыйба алмашууга аракет кылып келебиз. Учурда Нариман айыл аймагында кооз имарат курулду. Анын айланасында да заманбап имараттарды куруу боюнча маселелер биздин архитектуралык кеңешмеде каралып, кооз жана үнөмдүү материалдарды тандоонун үстүндө иш алып барып жатабыз.

̶  2015-жылы жер титирөөдөн жабыр тарткан жарандарга Кара-Суу районунун аймагынан жер тилкелери бөлүнүп берилген экен. Бүгүнкү күндө ал жумуштар кандай жүрүп жатат? Жаратылыш кырсыгынан жапа чеккен мекендештерибиз үйлөрүн толук куруп бүтүштүбү?

̶  Жер титирөөдөн жабыр тарткандарга биз чоң жардам көрсөтө алдык. Биринчиден, аларга биз жалпы баасы эки жарым миллион сомго барабар долбоорлорун акысыз жасап бердик. Ощол эле учурда ар бир үйдү долбоордун негизинде курууга көмөк көрсөттүк. Бир аптада эки жолу барып, алардан кабар алып, өзүбүздүн кеп-кеңештерибизди берип жаттык. Учурда алардын 50-60%ы бүтүп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен берилген убактылуу үйлөр кайра алынды.

̶ Кара-Суу районунда сейсмикалык жактан башка дагы кандай актуалдуу коркунучтар бар?  Курулуш учурунда эсепке ала турган жагдайлар барбы?

̶ Акыркы учурларда табийгат кырсыктары көп катталып жаткандыгына байланыштуу, мекендештерибиз да курулуштарын мүмкүн болушунча бекем кылып салууга аракет кылышууда. Жалпылап айтканда, биздин райондо сел, жер көчкү сыяктуу жаратылыш кырсыктарынан зыян тарткандар жок. Ошондуктан бир гана жер титирөөгө каршы үйлөрүн бекем кылып куруп жатышат. Бирок Папан айыл аймагынан кооптуу аймакта жашаган 23 үй бүлөгө жер тилкелерин бөлүп бердик. Алар курулуш иштерин эми башташат.

̶  Эгер кайра төрөлгөн болсоңуз, анда кайсы кесипти аркалайт элеңиз? Жашооңузду башка нукка өзгөртүүнү каалайсызбы?

̶  Мен архитектура тармагында 37 жылдан бери эмгектенип келем жана бир кызымды да өзүм аркалаган кесипке окуттум. Учурда ал өз кесиби боюнча иштеп жатат. Эгер мен кайра төрөлүп калсам, ушул эле кесипти аркаламакмын.

̶  Дал ушул кесиптин үзүрүн көрүңүз! Сизге ыраазычылык билдиребиз!

Маектешкен Ныяз ТАШМАТОВ

ПОДЕЛИТЬСЯ
!!!
Дата публикации: 01.09.2017