lotype of industrial kyrgyzstan marginbottom10

ТАЛАС РАЙОНУ 2017-ЖЫЛЫ БАШКЫ ПЛАНДАР МЕНЕН 100% КАМСЫЗ БОЛОТ

Талас району тууралуу, курулуш маселелеринин чечилүүсү, аймактын башкы план менен камсыз болуусу, мыйзамсыз курулуштарга жана паракорчулукка бөгөт коюу максатында жүргүзүлгөн иштери тууралуу Нураков Улан Шамшиевич, Талас райондук шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыктын жетекчиси маек куруп бермекчи.

̶  Улан Шамшиевич, жалпы Талас району боюнча маалымат берсеңиз?

̶  Талас району 13 айыл аймакка караштуу 27 калктуу конуштан турат. Районубуз Талас облусундагы эң чоң райондордун бири. Калкынын саны 67 323 адам. Талас району Талас облусунун чыгыш тарабында жайгашып, Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолунун 120 чакырымын камтыйт.

̶  Райондук шааркуруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын аткарып жаткан иштери тууралуу айтсаңыз?

̶  Талас районунун шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн калктуу конуштардын башкы пландарын жаңыртуу талабын аткарууда. Бул багытта башкармалык тарабынан өткөн 2016-жылы жергиликтүү кеңештин депутаттары жана айыл аймак башчылары менен 36 жыйын өткөрүлүп, жеринен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында, 2016-жылдын жергиликтүү бюджетине айыл аймак башчылары тарабынан 12 417 151 сом акча каражаты каралып, 27 калктуу конуштун башкы пландарын жаңыртуу боюнча тендер өткөрүлүп, анын жеңүүчүсү болуп Долборлоо институту табылды. Аталган институт тарабынан 2017-жылдын январь айынан бери тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө. Талас районунда башкы пландар боюнча муктаждык 100% чечилип, бардык конуштардын башкы пландары жаңыртылат. Бул башкармалыктын көп жылдан бери жүргүзүп келе жаткан иштеринин натыйжасы. Башкы пландарды жаңыртуунун негизги максаты: районубуздагы башаламан курулуштарга жол берилбей, бүгүнкү күндүн талабына жооп бере турган сапаттуу курулуштар курулуп, райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жол ачылып, республикалык бюджеттин тартыштыгына көз карандысыз болуп, Талас районунда жергиликтүү бюджеттин эсебинен аткарылган иш болуп, республикадагы эң чоң көрсөткүчтөрдүн бири болмокчу. 

̶  Акыркы мезгилде мыйзамсыз курулуштардын саны өсүүдө. Бул багытта башкармалык тарабынан кандай чаралар көрүлүүдө?

̶  Талас районунун аймагында Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолунун экинчи фазасы боюнча иштер башталып, 30 чакырым унаа жолу 4 айыл аймакты камтып, 7 калктуу конуш аркылуу өтөт. Жоорудагы унаа жолдун кайра курулушу менен, быйылкы жылы 32 тосмо алынып, 7 убактылуу пайдалануу үчүн курулган курулуштар жылдырылды. Жеке менчик турак-жайлардын курулушу биздин башкармалык тараптан жүргүзүлгөндүктөн, курулушка уруксат берилгенден баштап, кабыл алганга чейин башкармалыктын көзөмөлүндө болот. Мыйзамсыз курулуштарды курууга жол бербегенге аракет кылабыз.

̶  Талас районунда чоң жол боюн иретке келтирүү боюнча сиздер тараптан кандай аракеттер көрүлүүдө?

̶  Районубуз «Жарык район» деген багытта райондук мамлекеттик администрация башчысы аким Б.К. Нуржановдун талабынын негизинде Тараз-Талас-Суусамыр негизги унаа жолунда жайгашкан 11 калктуу конушта кечки жарыктандыруу иштери жүргүзүлүүдө. Жалпысынан, 23,5 чакырым аралыкта Манас жана Талды-Булак айылдары жарыктандырылды. Акимдин талабын иш жүзүнө ашырууда биздин башкармалык көп иштерди жүргүздү.

̶  Улан Шамшиевич, сиздин башкармалыкта паракорчулукка каршы күрөшүү иштери кандай жүрүп жатат?

̶  Жетекчи таза иштеп, кызматкерлерге үлгү болгондо гана паракорчулук менен күрөш натыйжалуу болот. Коррупцияга жол бербөө максатында кызматкерлер менен ар жуманын дүйшөмбү күндөрү жыйын өткөрүлүп турат. Мындан тышкары, курулуш жүргүзүү багытында кайрылган жарандар менен кызматкерлерибиз жеке байланыш түзүп, иш алып баруусуна бөгөт коюу максатында «бирдиктүү терезе» принциби ишке киргизилген. Курулуш куруу маселеси боюнча кайрылган жарандардын иш кагаздары – арыз-кайрылуулары алгач «бирдиктүү терезе» бөлүмүнөн өтүп, андан кийин жетекчиге маалымат берилип, кол коюлуп, каттоо журналына катталат. Кайрылган жаран менен башкармалыктын кызматкерлеринин ортосунда байланыш, сүйлөшүүлөр болсо, катуу чара көрүлө тургандыгы тууралуу кызматкерлерге эскертүү берилген.

̶  Кызматкерлердин жакшы иштөөсүнө жана кайрылган жарандарга кандай шарттар түзүлгөн?

̶  Башкармалыктын кызматкерлеринин жакшы иштөөсүнө шарттар толук түзүлгөн. Бизде жогорку жана орто билимдүү 10 кызматкер эмгектенет. Кызматкерлер 8 компьютер, 2 интернет байланышын пайдалануу менен районубуздун тургундары менен иш жүргүзүшөт. Өткөн 2016-жылы 252 токтомдун талаптарынын негизинде иш жүргүзүп, жаңы курулуш куруу багытында 57 архитектуралык пландоо шарттары, 26 иненердик-техникалык шарттар берилип, 29 долбоор макулдашуудан өтүп, 41 жаңы курулушка уруксат берилген. Быйылкы биринчи жарым жылдыктын планы 101% аткарылып, өткөн 2016-жылга салыштырмалуу өсүү темпи 16,42%ды түздү. Жеке менчик турак-жайды пайдаланууга берүү багытында 853,9 чарчы метрди түзгөн 92 турак-жай пайдаланууга берилди. Менин жетекчи катары негизги иш багытым – районубуздун жарандарынын суроо-талаптарын өз убагында белгиленген мөөнөттө аткарууну кызматкерлерден талап кылуу жана иштин жүрүшүн көзөмөлдөө. 2016-жылы башкармалыкка курулуш куруу боюнча 182 кайрылуу болуп, быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгында жарандардан 89 кайрылуу катталып, алардын суроо-талаптары убагынан кечиктирилбей мыйзам чегинде аткарылды. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Кыргыз Республикасынын Куруучулар күнү менен жалпы республикада эмгектенген куруучуларды кесиптик майрамы менен куттуктайм!

ПОДЕЛИТЬСЯ
!!!
Дата публикации: 31.08.2017