lotype of industrial kyrgyzstan marginbottom10

ОШ ШААРЫ КУРУЛУШ ТАРМАГЫН-ДА КЫРГЫЗСТАН БОЮНЧА АЛДЫⱧКЫ ОРУНГА ЧЫГУУДА

Ош шаарында ишкерлерге ыңгайлуу шарттардын түзүлгөндүгүнөн, калаага көп инвестициялар тартылууда. Республикабыздын экинчи борбор шаары аталган Ош калаасында бүгүнкү күндө кооз имараттардан баштап, көп кабаттуу үйлөргө чейин калаа көркүн ачып жатат. Ал эми дал ошондой имараттардын курулушунда шаардын өнүгүүсү үчүн өз салымын кошуп келе жаткан Ош шаардык архитектура жана шааркурулушу башкармалыгынын кызматкерлеринин эмгеги чоң. Бул боюнча биз аталган башкармалыктын жетекчиси Ажимурат Жолдошевди кепке тарттык.

̶  Саламатсызбы, Ажимурат мырза! Акыркы учурда ЖМКларда шаарда курулган көпүрөлөр тууралуу материалдар көрсөтүлүп жатат. Негизи эле, үч көпүрөнүн курулушу кандай бүткөрүлдү?

̶  Негизинен, Ош шаары эмне үчүн көпүрө менен байланыштуу экендиги баарыбызга маалым. Шаарды тең экиге бөлүп, Ак-Буура дарыясы агат. Ал эми көпүрө боюнча биз ЖМКларга маалымат берип келебиз. 2016-жылдын 29-мартында 2025-жылга чейинки Ош шаарынын башкы планы кабыл алынган. Анда шаарды өнүктүрүүнүн концепциясы камтылган жана анын функционалдык аймактары жайгашкан. Ошондой эле калаанын борбордук бөлүгүндөгү административдик имараттар, соода жайлары, маданий имараттар ж.б. көрсөтүлгөн. Ошол башкы пландын негизинде Ош шаарын өнүктүрүүнүн кийинки баскычтарында деталдык пландарын иштеп чыгуу жагы да жазылган. Биз ошол планды кошумча иштеп чыгууга эмне керектелерин аныктоого үчүн кимдер менен кызматташуу зарылдыгын билүүгө Ош шаардык мэриясы менен биргеликте бул ишти колго алдык. Бул иш Архитектура жана курулуш, коммуналдык чарба агенттиги тарабынан бекитилген укуктук-нормативдик актынын негизинде ийне-жибине чейин аныкталган. Биз ошол боюнча иш алып барабыз. Жогоруда айтылган үч көпүрө да бул долбоорлордун негизинде ишке ашкан жана анын курулушуна сарпталуучу акча каражаты маселеси чечилип, үчүнчү көпүрөнүн курулушу да аяктап жатат.

̶  Көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна шаардык бюджеттен канча суммадагы акча бөлүнүп берилген?

̶  Учурда Ош шаардык мэриясынын эсебинде көп кабаттуу үйлөрдү ипотекалык негизде берүү жолу менен түшкөн акча каражатынын эсебинен көп кабаттуу үйлөрдү куруу пландаштырылып жатат. Азыркы учурда биз бир үйдүн долбоорун иштеп жатабыз. Жакынкы күндөрү ал үйдүн курулушун баштайбыз. Ал эми Ош шаарынын элин турак-жай менен камсыз кылуу боюнча өкмөттүн турак-жайды өнүктүрүнүн концепциясынын негизинде аткарылган. Бирок башкы план бекитилгенден соң кийинки этаптарын иштеп чыгууга да акча каражаты сарпталат. Биз бул жөнүндө аталган планды иштеп чыккан авторлор менен биргеликте эсебин чыгарганбыз. Аны биз эки жылдык эсеп менен пландаштырып жатабыз. Быйылкы жылы Ош шаарынын мэри жана шаардык кеңештин  депутаттары бизди колдоп, шаар казынасынын эсебинен шаардын деталдык планын иштеп чыгууга 10 миллион сом акча каражатын бөлүп берген. Жакында бюджет боюнча депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү. Анын биринчи этабында 5 миллион 700 миң сомго жакын акча бөлүнүп берилди. Азыркы учурда ал акча шаардын муниципалдык менчик башкармалыгынын эсебинде турат. Курулуш боюнча биз тиешелүү адамдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Ал эми шаарда учурда эки жеке курулуш компаниясы эски үйлөрдү бузуп, жаңы көп кабаттуу үйлөрдү куруп жатышат. Андан башка курулуш компаниялары да башкы пландын негизинде көп кабаттуу үйлөрдү курууга атайын каралган  жерлерге куруу иштерин жүргүзүүдө, дагы көп компаниялар долбоорлордун үстүндө иштеп жатышат. Бул Ош шаарына көп инвестициялардын тартылып жаткандыгын айгинелейт. Анын себеби, шаарда инвесторлорго жана ишкерлерге ыңгайлуу шарттардын түзүлгөндүгүндө. Мындан башка да өнүгүү багытында кабыл алынган концепциябыздын негизинде шаардан сырткаркы аймактарда да курулушту жандантуу максаттарыбыз каралган. Бирок, тилекке каршы,  азырынча биз шаар сыртындагы курулуштарды  канализация жана жылуулук менен камсыз кылуу сыяктуу шарттарын аткарууга мүмкунчүлүгүбүз жок.

̶  Бизге белгилүү болгондой, шаардын башкы планына ылайык, учурда шаардын так ортосунда жайгашкан базар да башка жакка көчүрүлүшү керек эле. Бирок эмне үчүн аны эски ордунда калтырууну чечтиңиздер?

̶  Бизде Ош базарынын ичинде Кербен-Сарай деген эс алуучу жай бар. Ал эми калаабыз Жибек-Жолунда жайгашкан шаарлардын бири болгондуктан, кербендер Ош шаарына келип, ошол Кербен-Сарайга токтоп, эс алышып, соода кылып кетишкен тарыхый жер болгон. Анын айланасында да соодагерлер соода кылышкан. Ошол себептүү базардын тарыхый өзгөчөлүгүнө карап, бир бөлүгүн гана эски ордунда калтыруу планга кирген.

̶  Шаарда кооз имараттарды курууда кандай ыкмаларды колдонуп келесиздер?

̶  Ар бир турак-жай комплексинин долбоордо берилген өзгөчө идеясы болот. Аны менен автор эмнени бергиси келгендиги көрсөтүлгөн. Ошондуктан курулушта биринчиси идея болсо, экинчиси стиль чоң ролду ойнойт. Ош шаарында көбүнчө араб өлкөлөрүндө көп колдонулган стилди берүүгө сунуш түшөт. Андан башка биз да өз пикирибизди кошумчалайбыз. Бирок турак-жай комлекси жайгашкан орду, анын географиялык шартына жана атына ылайык стилдери ишке ашырылат. Ошонун ичинде биз, албетте, жергиликтүү тургундардын табитине да көңүл бурабыз.

̶  Ажимурат мырза, айтсаңыз, жылда шаар күнүнө карата жаңы имараттар ачылып, шаадыктарга белек катары тартууланчу эле. Быйыл ага карата кандай курулуштар аяктап жатат?

̶  Шаардагы Нурматов көчөсү менен Навои көчөсүн бириктирген чоң Сай  көчөсүндө үч сейилбак бар. Токтогул Сатылганов атындагы сейилбак, «Мээрим» сейилбагы жана Алишер Навои атындагы сейилбакты бириктирген көчөнү кеңейтип, веложолун жана жарандар сейилдеп баскан кичи жолдорду кошуп, атайын долбоор иштеп чыкканбыз. Ага да акча каражаты бөлүнүп, учурда курулуп бүтүү алдында турат. Түнкүсүн да жарыктандырылып, чоң комплекс болду. Мындан тышкары, үч көпүрөнүн жанына подиумдун курулушу башталды. Ал жерде суунун үстүндө маданий иш-чара өткөрө турган, жаштар эс ала турган, мода көрсөтүлө турган бий аянтчасын куруп жатабыз. Анын жээгинде көрүүчүлөр эс алып отурушуп, иш-чараларды көрө ала турган уникалдуу имарат курулат. Белгилеп кетейин дегеним, мындай имарат Бишкек шаарында да жок. Ошондой эле шаарыбызда бокс менен машыккан жаштарга жатып окуй турган 50 орундуу спорт мектеп-интернатынын курулушу аяктап, тапшырылуу алдында турат. Ал гана эмес, жаштарды футболго кызыктыруу максатында ФИФАнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен 100 орундуу комплекс курулуп жатат. Анын ичинде, сыртында 2 чоң стандарттык футболдук аянт жана 4 кичи футболдук аянтчанын курулушу да аяктап калды. Ушундай чоң курулуштар менен шаардын тургундарын кубанталы деп турабыз. Андан сырткары, шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жаатында иш алып барып жаткан адистердин жардамында Токтогул Сатылганов атындагы сейилбактын оңдоп-түзөө иштеринин долбоору аяктады.

̶    Шаардын көчөлөрүн кеңейтүү максатында кандай иштер жүрүп жатат?

̶   Негизги көчөлөрдү кеңейтүү иштери мурунтан эле жүргүзүлүп келген. Ал эми жаңы көчөлөрдү ачуу маселеси боюнча талапка ылайык, долбоорлорун иштеп чыгып, тийиштүү жакка бергенбиз. Учурда бул маселени жергиликтүү бюджеттин эсебине киргизүү жагы каралууда. Айтсак, Абдыкадыров көчөсүн кеңейтип, эки чоң көчөгө кошуу иштери жүргөн.

̶  Өнүккөң өлкөлөрдө көп кабатуу үйлөрдүн сыртын актап-сырдаганга акча каражаты өзүнчө бөлүнүп берилет. Бизде бул маселе боюнча кандай аракеттер көрүлүүдө?

̶  Шаарыбыздагы үч негизги көчөнүн четинде жайгашкан бардык үйлөрдүн сырткы көрүнүштөрүн иштеп чыгып, биз Ош шаарынын мэриясына өткөрүп бергенбиз. Ошонун негизинде учурда шаарда чечим кабыл алынып жатат. Бул бюнча Ош шаардык муниципалдык турак-жай ишканасы бар, сунуштардын баары ошол ишканага тапшырылган. Эми финансы маселеси чечилсе, белгиленген жумуштардын бардыгы аткарылат. Ушул мезгилге чейин бул маселе аймактык кеңештерге жүктөлүп келген. Алар бул маселени чече алган эмес.

̶  Ишиңизде кандай өзгөрүүлөр бар?

̶  Жакында гана бизге беш кабаттуу имарат иштетүүгө берилди. Учурда жаңы имаратка көчүп жатабыз. Тагыраак айтканда, биринчи кабаттан баштап, бешинчи кабатка чейин толук биздин карамагыбызга өттү. Мындан ары биз аймактык бөлүм болуп өзгөрүлгөндүгүбүзгө байланыштуу, эми Ош облусунун бардык райондору боюнча иш алып барып жатабыз.

Маектешкен Ныяз ТАШМАТОВ

ПОДЕЛИТЬСЯ
!!!
Дата публикации: 01.09.2017