lotype of industrial kyrgyzstan marginbottom10

КУРУУЧУЛАР – ЖАРАТМАНДЫК КЕСИПТИН ЭЭЛЕРИ

Кыргызстанда барган сайын айылкыштак өсүп, элдин жашоо деңгээли жакшырып баратканын кантип танабыз. Айылда болобу, шаарда болобу курулуш иштери күркүрөп жүрүп, эмгекчил курулушчулар күжүлдөп иштеп жатканы көз кубантат. Ал эми жай тургундардын жашоо шарты башкы орунда каралып, мамлекеттин камкордугун жон териси менен сезип баратканычы. Албетте, иш жүргөн жерде кемчиликтер да жок эместир. Өлкөдөгү шаар куруу, элди суу менен камсыздоо жана коммуналдык көйгөйлөрүн чечүү жаатында мамлекет тарабынан кандай иштер аткарылып жатты экен? Бул теманын айланасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы архитектура, курулуш жана коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттигинин статскатчысы Бөрүбаев Самат Нарматович менен азыноолак пикир алыштык.

— Самат Нарматович, биз бүгүн жаңы технологиялардын кылымында жашап жаткандыктан электрондук өкмөт системасына өтүүдөбүз. Бул багытта Мамлекеттик курулуш агенттиги кандай иштерди жасоодо?

— Мамлекеттик курулуш агенттигинин борбордук аппаратында 44 мамлекеттик кызматкер иштейт. Андан сырткары, 6 ведомстволук мекемелерибиз, 60 аймактык башкармалыктарыбыз бар. Бардыгы болуп мамлекеттик курулуш системасында бир жарым миңге жакын кызматкерлер эмгектенет.

  Бүгүнкү күндө биздин элге көрсөтүп жаткан кызматтарыбызды электрондук түргө өткөзүү боюнча алгылыктуу иш-аракеттер жүрүп жатат, болгон материалдарыбыздын баардыгын санарипке өткөрүп жатабыз. Ошондой эле, архитектура жана шаар куруу тармагында атайын “Бирдиктүү терезе” кызматы түзүлгөн. Жумушка байланыштуу ар бир райондогу арыздар кабыл алынган күнү ошол атайын реестрге түшүп, компьютерге киргизилет. Бул деген алыскы Нарында болобу, Ошто болобу, кабыл алынып жаткан каттардын, курулуштарды курууга болгон жана уруксат алуу боюнча элдердин арыздары күн сайын биздин көзөмөлгө түшүп, алардын өз мөөнөтүндө аткарылышын камсыз кылат.

— Чет элдерге чыгып, алардын курулуш системасы кандай иштээрин көрүп, тажрыйба алмашуу иштери кандай жүрүүдө?

— Түркияны көрүп келдим, ал жакта курулушка уруксат алуу боюнча маселе жакшы деңгээлге коюлган. Объектилер курулуучу жерлердин тизмеси, даректери архитектура, курулуш уюмдарынын сайттарына жайгаштырылып коюлган. Ким эмнени курууну кааласа, базаны карап, ага жараша өз долбоорлорун иштеп чыгып, компьютерден эле арыз берип, бош орунга уруксат алышат. Мындан сырткары, курула турган объектилердин биринчи кошула турган инженердик тармакка чейин мамлекет тартып келип коёт дагы, калгандарын куруучу компаниялар өздөрү жасашат.

Биз дагы бүгүнкү күндө ошондой системага өтүү боюнча аракеттерди жасап жатабыз. Бизде курулуш, реконструкция, уруксат берүү боюнча Өкмөттүн 252-токтому бар. Учурда уруксат берүүнүн тартиптерин жөнөкөйлөтүү боюнча ошол токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүү алдында турабыз. Бизде мурда архитектуралык, инженердик-техникалык шарттарын алгандан кийин жана макулдашып иштелип чыккан долбоорду архитектура кызматы мамлекеттик экспертизадан өткөргөндөн кийин ошол объектини куруу боюнча кайра уруксат алышчу. Биз ошол процедураларын жеңилдетип, жаңы өзгөртүү киргизилип жаткан токтомубуз күчүнө кирсе, мындан кийин жарандардын курулуш куруу ниетинде берген арыздары мамлекеттик экспертизанын оң бүтүмүн алгандар кайра уруксат албай эле, ошол бүтүмү курулушка берилген уруксат катары кабыл алынат. Бул ишкерлерге, инвесторлорго социалдык-маданий объектилерди, турак-жайларды курууга уруксат алуу боюнча жол-жобосун жеңилдетет. Бул дагы биздин ишибиздин жакшы уюштурулушуна, ар бир кайрылуучуга ыңгайлуу шарттарды түзгөнгө өбөлгө болот.

— Кызматкерлериңиздер тажрыйба топтоо боюнча чет элдерге барып турушабы? Алардын кесиптик чеберчилигин өстүрүү жаатында кандай жумуштарды аткаруудасыздар?

— Мамлекеттик кызматкерлердин квалификацияларын жогорулатуу жана кесиптик чеберчилигин өстүрүү боюнча кызматкерлерибиз Кыргыз Республикасынын Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында жыл сайын атайын курстардан өтүп келишүүдө. Ошондой эле, Кытайдан окуп келүүдө, тажрыйба алмашуу багытында Түркияга, Грузияга барып келип жатышат. Жакында эле Россиянын Татарстан, Башкортостан республикаларында болуп, бирге иштешүү боюнча алар менен келишимдерди түзүп келдик. Мамлекеттик экспертиза боюнча департаментибиз Москва менен тыгыз иштешип, кошуна өлкөлөрдөн мамлекеттик экспертиза жүргүзүү боюнча атайын программаларды алып келип, бизге орнотуп иштеп жатышат. Курулушка шайкештик сертификатын берүү боюнча борборубуз өзүнүн лабораторияларын кайрадан жабдуу боюнча Россиянын тийиштүү кызматтары менен иштешип келет. Кызматкерлерибиз шаардын көркү  боюнча Астанага, Алматага барып пикир алмашып келишти. Бул багытта аткарылчу пландарыбыз дагы көп. Архитекторлордун, курулушчулардын кесиптик чеберчилигин көтөрүү боюнча пландуу иштер дагы да жигердүү жүргүзүлөт.

— Көзөмөл, мониторинг иштерин кандайча жүргүзөсүздөр?

— Бизге аябай көп каттар, кайрылуулар, жогорку органдардан документтер келип турат. Жыл сайын 18 миңге жакын каттар менен иштейбиз. Ар бир келген кат жалпы бөлүмдө атайын программада катталып, көрсөтүлгөн мөөнөттөрүндө аткарылышы ошол программанын негизинде көзөмөлдөнөт. Ар жуманын дүйшөмбү күндөрү алардын ар бирин көзөмөл кылуу жана аткаруу багытында жалпы аппараттык чогулушта карайбыз. Андан сырткары бейшемби күндөрү  аткаруучулук, кызматтык тартип маселелеринде, б.а. кабыл алынган буйруктардын, коллегиялардын чечимдерин, жогорку органдардан келген документтердин мөөнөтүндө жана так аткарылышы боюнча тыкыр көзөмөл жүргүзүлүп турат. Бул боюнча ар бир айдын аягында анализ чыгарылып, убагында аткарбагандарга атайын комиссиянын сунуштары менен тартип чаралары колдонулат.

— Сиз бул системада 2013-жылдан бери иштеп жатасыз. Бул мезгил ичинде мекеменин кесиптик кызмат көрсөтүүсүн жакшыртуу, мамлекеттик башкарууну оптимизациялоо жана сапатын арттыруу жаатында кандай рационализатордук сунуштарды киргизип жатасыз?

— Бул багытта биз бир топ алгылыктуу иштерди жүргүзүп жатабыз десем болот. Өткөн жылы аймактык башкармалыктарда көп жылдар бою бир орунда иштеп калган жетекчилерди ротация кылуу боюнча иштерди аткардык. Таш-Көмүр менен Кара-Көл шаарларынын башкы архитекторлорун ротация кылдык, Москва району менен Сокулук районунун башкы архитекорлорун орун алмаштырдык. Оптимизация боюнча – облустук архитектураларды жоюп, алардын милдеттерин кеңейтүү жолу менен облустун борборлорундагы шаарлардын башкармалыктарына өткөрүп бердик. 2013-жылдан баштап Мамлекеттик курулуш агенттигинде реорганизация жумуштары жүргүзүлдү. Ошол жылы бизге турак-жай жана коммуналдык чарба багытындагы жумуштарды алып баруу боюнча кошумча милдеттер да жүктөлгөн. Түзүмүбүздү кайра карап чыгып, ички аудит кызматын киргиздик. Паракорчулуктун алдын алуу боюнча атайын ыйгарым укуктуу адис иштеп жатат. Жетекчибиз жаңы келгенден бери мамлекеттик курулуш агенттигинин штаттык түзүмү, жоболору боюнча функционалдык анализ өткөрүп, өзүбүздүн кызматтык функцияларыбызды тактап, Өкмөткө атайын кат жөнөттүк. Кызматтык милдеттерибизди аткарууда укуктарыбыздын жетишсиздиги көп тоскоолдуктарды жаратат, андыктан Мамлекеттик агенттикти Комитет кылып, макамын көтөрүү зарыл. Ошондуктан, биздин макамыбызды көтөрүү, укуктук милдеттерибизди тактоо боюнча Өкмөткө кат жолдодук.

— Мамлекеттик курулуш системасында бир жарым миңге жакын адам иштеген, өзүнчө татаал тармак. Жумушту уюштуруу, башкаруу жана мекеменин алдына койгон максаттарына жетүү жагдайы кандай болууда?

— Борбордук аппаратыбыз, түзүмдүк бөлүмдөр, департаменттер, башкармалыктар болуп жумушту ырааттуу көзөмөлдөп, уюштуруп иштейбиз. Квартал сайын алардын отчетторун тактап, талдап турабыз. Биз, жогоруда айткандай, документтердин аябай чоң агымы менен иштейбиз. Кайрылгандардын баары менен тыгыз иштешүү керек. Бул аябай чоң күчтү талап кылат.

Бирдиктүү буюртмачы катары республикадагы бардык социалдык-маданий объектилердин курулуштарын алып барабыз. Бюджеттин капиталдык салымдарынан жыл сайын бизге каражат бөлүнөт. Мурдагы жылдары мамлекеттик бюджеттен 1-2 млрд сом бөлүнүп келген болсо, быйыл 5 млрд сом каралып жатат. Ага биз эң керектүү болгон социалдык-маданий объектилерди, балдар бакчаларын, мектептерди, ооруканаларды куруп жатабыз.

Андан сырткары, биздин негизги тармактарыбыздын бири – калкты таза суу менен камсыз кылуу. Калкты таза суу жана агынды суулар менен камсыздоо боюнча бизде өзүнчө департамент иш алып барат. Бүгүнкү күндө республикада 1805 айыл бар болсо, ошонун үчтөн биринде гана талапка жооп бере турган суу тармактары бар, үчтөн биринде же 467 айылда суу түтүктөрү жок. Мына ушуларды чечүү боюнча биз 2025-жылга чейин Кыргызстандын калкын таза суу менен камсыздоо боюнча атайын программа иштеп чыгып, өкмөттө кабыл алынып, бекитилди. Бул маселени чечкенге жалпысынан 26 млрд сом керектелет. Максатка жетүүдө, негизинен, капиталдык салымдардын эсебинен жыл сайын 100-200 млн сом бөлүнүп, калганын донорлордун, чет элдик инвесторлордун эсебинен чечип жатабыз. Биздин өнөктөштөрүбүз катары Дүйнөлүк банк, Европалык реконструкциялоо жана кайра куруу банкы, Ислам өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы өз салымдарын кошууда. ЕБРРден жалпысы болуп 196 млн евро каражат тартылып, өлкөнүн кичи шаарларын таза суу менен камсыздоо жана агынды сууларын чыгаруу боюнча 22 кичи шаарларда иштерди жүргүзүп, бүгүнкү күндө 15 келишимди ратификациядан өткөрдүк. Калгандары да макулдашуу жолунда баратат. Райондордун борборлорун суу менен камсыздоо боюнча программабыздын негизинде 90 млн долларга жакын каражаттарды ДБ, АӨБ, ИӨБ берип жатышат.  Жакында эле өлкөбүзгө араб өлкөлөрүнүн фонддорунун өкүлдөрү келип кетишти. Сауд өнүктүрүү фондуна, Кувейт, Катар фонддоруна өзүбүздүн долбоорлорубузду сунуштап, алар жактырып, таза сууга 50 млн доллар бермей болушууда. Кыргызстанда кошумча мектептерди куруу боюнча да иштер жүрүп, донорлор тартылып жатат. Сауд өнүктүрүү фонду менен 30 млн долларга келишим түзүп, ратификациядан өткөрдүк.

— Өзүңүздүн эң алгачкы жумуш ордуңуз эсиңиздеби? Эмнеден баштаган элеңиз?

— Мектепти бүткөндөн кийин, ал кезде окууга өтүү да кыйын болчу, окууга тапшырып сынактан кулап калгандан кийин, айылга кайтып келип алгачкы жолу мектепте мугалим болуп иштегем. Андан кийин комсомолдук, партиялык кызматтарда иштеп, айылдын, райондун, облустун кеңештеринде депутат, төрага болдум. Эл тарабынан шайланып, Жогорку Кеңеште депутат болуп эмгектендим.

— Ойлогон ой-тилектериңизге, максаттарыңызга жеттим деп ойлойсузбу? Же алдыда дагы аткарчу иштериңиз барбы?

— Кайсы жерде болбосун элиме, өлкөмө ак кызмат кылсам деп тилек кылам. Амбициялуу пландарым деле жок, ошондуктан азыркы ишимди улантып, архитектура, курулуш, коммуналдык чарба багытындагы көйгөйлүү маселелерди чечүүдө топтогон билимиме, тажрыйбама жараша адистик салымымды кошсом дейм. Курулуш агенттигинин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин, адистерибиздин элге кызмат көрсөтүүсүнүн сапатын арттырууну көп ойлойм.

— Эс алууга чыгып, жумуштан кеткенден кийин эмне менен алектенсем деп кыялданасыз? Саякаттайсызбы, үй курасызбы?..

— Буюрса, жаш курагым келип, эс алууга чыккандан кийин коомдук фонд түзүп, элге жардам берип, мамлекеттин өсүшүнө салым кошсом деп кыялданам. Кудай өмүр, ден-соолук берип турганда эл үчүн иштешибиз керек.

Борубаев Самат Нарматович

2013 г. — а/ч – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы архитектура, курулуш жана коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы.

02.2008 — 04.2010 – Кыргыз Республикасынын шайлоолор жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү.

01.2003 — 03.2005 – КР Жогорку Кенешинин депутаты.

Экинчи класстагы мамлекеттик кеңешчи.

 

ПОДЕЛИТЬСЯ
!!!
Дата публикации: 29.08.2017