lotype of industrial kyrgyzstan marginbottom10

КУРУЛУШТА ТЕМП ДА, САПАТ ДА КЕРЕК

Өлкөнүн маанилүү аймактарынын бири Жалал-Абад облусундагы курулуш тармагында капиталдык салымдар, аларды өздөштүрүү жана курулуш индустриясын өнүктүрүү жагы кандай болуп жатат? Тармактагы иштин темпи жана сапаты бүгүнкү талапка жооп береби? Кандай алга өсүүлөр болуп жатат? Бул тууралуу Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Кыралиев Зайирбек Батырбековичтен билдик.

–  Зайирбек Батырбекович,  деги эле Жалал-Абад облусунун аймагында курулуш иштери, тармагы канчалык өнүгүп  жатат? Эгер өнүгүп жатса, ал эмнеден көрүнүп турат?

– Албетте, Кыргызстанда жана айрым аймактарда курулуш тармагы, иштери барган сайын активдешип баратканы баарына эле көрүнүп турат. Ири көлөмдөгү капиталдык салымдар кийирилип, өздөштүрүлүп жатат. Мунун баары курулушка болгон суроо-талаптардын көбөйүп жатканынан кабар берет. Дал ошол суроо-талаптардын өсүшү менен курулуш тармагы, индустрия да өнүгө берет. Бир гана мисалды айта кетейин, Жалал-Абад облусунда 13төн ашуун жеке менчик кыш заводдору иштеп жатат. Аларда иштеген жумушчулардын эмгек акылары, бизге белгилүү болгондой, 15-20 миң сомду түзөт, бул бизде жогору деп эсептелет. Ал эми кыштын сатылуу баасы жазгы-жайкы сезон убагында 5,5 сомдон төмөндөбөйт. Көрдүңүзбү, суроо-талап бар, демек, ошого жараша алга жылуу да болуп жатат. Биздин мамлекеттик курулуш тармагында эле канчалаган ири капиталдык салымдар өздөштүрүлүүдө. Мунун баары өсүү болуп жатканын даана көрсөтүп  турат.

–  Мамлекеттик курулуш тармагы деп калдыңыз, айталы, өткөн жылы Жалал-Абад облусунда кандай курулуш иштерин алып бардыңыздар? Алардын жалпы көлөмү канчалык?

– Өткөн жыл биз үчүн жемиштүү болду десек жаңылышпайбыз, себеби мамлекеттик каржылоо аркылуу эле 61 объектиде курулуш иштери жүргөн. Эгер майдалап алып карасак, 38 мектеп, 5 балдар бакчасы, 7 мектепке спорттук залдар, 2 ири спорттук комплекс, 1 ден соолук чыңдоочу жай, 4 суу менен камсыздоо объектилери курулган. Андан тышкары, 3 жерде капиталдык оңдоп-түзөө иштери алып барылды, 1 энергетикалык  объектиде оңдоп-түзөө иштери жүрдү. Иштин көлөмү көп болду жана биз бардык жерде иштин темпине жана сапатына жакшы көңүл бурдук. Албетте, бир нерсени жакшы түшүнүү керек: азыр бизге бат жана көп куруу эмес, курулуштун сапаты да өтө маанилүү. Биз бул жагын абдан тыкан карап жатабыз.

– Демек, ошондо өткөн жылдагы капиталдык салымдардын көлөмү канча болду?

 – Өткөн жылы жалпы каржылоо көлөмү 434 миллион 333,46 миң сом болгон. Салыштыруу үчүн быйылкы алты айдагы көрсөткүчтөргө да токтоло кетейин. Быйыл 41 объектиде иш жүрүп жатат, анын ичинде 27 мектеп, 2 балдар бакчасы, 4 спорттук залдар, 1 спорттук комплекс, 1 ден соолук чыңдоочу жай, 3 суу менен камсыз кылуу объектилери курулуп, 3 жерде капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүгүзүлүүдө. Алты айдын жыйынтыгында кийирилген капиталдык салымдардын көлөмү 39 миллион 944,8 миң сом, ал эми куруу-монтаждоо иштеринин көлөмү 36 миллион 43,6 миң сом болду. Деген менен, 2017-жылга республикалык бюджеттен каралган капиталдык салымдардын көлөмү 385 миллион 422 миң сомго барабар.

– Албетте, курулуш иштеринин көлөмү көп болуп жатканы көрүнүп турат. Быйылкы жылда курулуш иштери кайсы аймактарда көп болууда?

– Быйылкы жылы биздин облуста жайгашкан аймактардын баарында эле курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Мисалга алсак, Жалал-Абад шаарында 2, Ала-Бука районунда 1, Аксы районунда 5, Базар-Коргон районунда 7, Ноокен районунда 2, Сузак районунда 11, Тогуз-Торо районунда 8, Токтогул районунда 2, Чаткал районунда 6 объектиде курулуш жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Бул курулуштар, негизинен, мектептерде жүрүп жатат. Ошондой эле балдардын ден соолукту чыңдоо мекемелери, балдар бакчалары, балдардын спорттук машыгуучу жайлары – негизги курулуш объектилер. Көрүнүп тургандай, республикалык бюджеттен берилген каражаттар, негизинен, балдарга, балдарга тиешелүү мекемелерге, объектилерге тийиштүү болуп жатат. Демек, мамлекетибиз келечек муундарга жакшы шарт түзүү, аларга кам көрүү жагын биринчи орунга коюуда. Бул, албетте, кубанычтуу нерсе.

– Ырас, мамлекет балдарга жакшы шарт түзүү багытына көңүл бурган экен. Демек, облуста кайсы мектептер курулуп жатканына кеңири токтоло кетпейсизби?

– Жогоруда айтып кеттим эле, биз быйыл 27 мектепти куруп жатабыз. Жалал-Абад шаарындагы №6 мектептин имараты жараксыз болуп калган эле, аны куруудабыз. Мектеп 275 орундуу, жаңы имараттын курулушу 2015-жылы башталган, быйыл пайдаланууга берилиши керек. Курулуштун быйылкы сметалык наркы 76 миллион 7,1 миң сомго барабар. Азыр ички дубалдарды шыбоо, суу системасын куруу толук бүтүп, жылуулук системасы коюлуп жатат. Андан тышкары, Ала-Бука районундагы Өрүктү-Сай айылында №18, Аксы районунун Кызыл-Туу айылында №18, Авлетим айылындагы Акылбеков атындагы мектеп, Терс айылындагы №47, Базар-Коргон районунун Чарбак айылындагы №16, Бел-Терек айылындагы №39, Жаз-Кечүү айылындагы №48, Алтын-Кыя айылындагы башталгыч мектеп, Ноокен районунун Ынтымак айылындагы чоң мектеп, Сузак районунун Октябрь айылындагы Исманалиев мектеби, Эркин айылындагы №38, Кыр-Жол айылындагы №43, Багыш айылындагы чоң мектеп, Кара-Алма айылындагы мектеп, Кара-Чолок айылындагы мектеп, Масадан айылындагы Фуркат мектеби, Талаа-Булак айылындагы №80, Комсомол айылындагы №35, Тогуз-Торо районундагы Бейше, Барктабас, Сатыбалдиев, Калдыбай, Абдыжапаров, Токтогул районундагы Мазар-Суу айылынын мектеби, К. Чокоев мектеби, Чаткал районунда К. Усупбеков, Коргон-Сай айылындагы мектеп курулууда. Бардык жерде иштин темпи жана сапаты көзөмөлгө алынган.

– Демек, мамлекет тарабынан каржыланган көптөгөн курулуштар, негизинен, калктын социалдык-маданий багыттарына, тактап айтканда, саламаттыкты сактоо жана билим берүү багытына бурулган экен.

– Албетте, билим берүү тармагын, келечек муундарыбызды колдоого алмайын, мамлекеттин өзүнүн келечеги жакшы болбой калат. Ошол өңүттөн алганда, азыркы жүрүп жаткан мамлекеттик саясатты туура багытта баратат деп ойлойм. Жыл сайын мектептер курулуп, капиталдык оңдоп-түзөөлөр жүргүзүлүп, балдар үчүн спорттук залдар, комплекстер, ден соолук чыңдоочу жайлар бой көтөрүп баратат. Мунун баары акыры айланып келип, мамлекеттин, коомдун эртеңкиси үчүн болгон камкордук болуп эсептелет.

 –  Ошентип, курулуш тармагы өлкө келечеги үчүн жакшы кызмат кылып жатат деп ойлойсузбу?

– Биздин ишибизди өзүбүз баалабайбыз, эл бааласын, башкалар бааласын. Бирок, айтып кетчү нерсе, биздин жасаган ар бир ишибиз, аракетибиз элибиздин жакшы турмушу, ыңгайлуулугу, коомубуздун, мамлекетибиздин бекем болушу, өнүгүшү үчүн гана. Эгер ушул багытта биз элге жаккан иштерди аткара алсак, анда өзүбүздү бактылуубуз деп эсептейбиз.

Маектешкен Жалил САПАРОВ

ПОДЕЛИТЬСЯ
!!!
Дата публикации: 05.09.2017