lotype of industrial kyrgyzstan marginbottom10

ГНС до конца февраля будет принимать Единую налоговую декларацию до полуночи

Налоговые органы страны начали работать в особом режиме, осуществляя прием Единой налоговой декларации (ЕНД) до полуночи. Дежурства установлены в целях полного и всестороннего оказания помощи налогоплательщикам в предоставлении декларации.

В частности, в период до 28 февраля, включая праздничные и выходные дни, прием деклараций будет осуществляться во всех налоговых органах с 9 часов утра до полуночи. Налогоплательщики, которые не успевают представить ЕНД в рабочие часы, могут подать ее по окончании рабочего дня, то есть после 18.00.

Напомним, что юридические лица до 1 марта, физические лица до 1 апреля должны отчитаться в налоговых органах о полученных за 2016 год доходах или представить иную информацию об экономической деятельности, объектах имущества и земельного участка.

Так, до 1 марта текущего года декларацию обязаны представить отечественные организации, крестьянские и фермерские хозяйства, иностранные организации, осуществляющие деятельность на территории Кыргызской Республики с образованием постоянного учреждения.

До 1 апреля ЕНД обязаны подать государственные и муниципальные служащие, индивидуальные предприниматели, в том числе уплачивающие налог на патентной основе, физические лица, имеющие в собственности налогооблагаемое движимое (транспорт) и недвижимое имущество (квартиры и дома) и земельный участок (за исключением владельцев приусадебных участков), крестьянские и фермерские хозяйства, осуществляющие деятельность без образования юридического лица.

За несвоевременное представление декларации предусмотрен административный штраф в размере 2000 сомов – для физических лиц и 5000 сомов – для юридических лиц.

Более подробную информацию о декларационной кампании можно получить в местных налоговых органах, а также в Call-центре ГНС по номеру 194 или на сайте www.sti.gov.kg.

Салык кызматы февралдын аягына чейин Бирдиктүү салык декларациясын түн ортосуна чейин кабыл алат

Аймактык салык органдары Бирдиктүү салык декларациясын түн ортосуна чейин өзгөчө режимде кабыл ала башташты.

Салык төлөөчүлөргө декларация тапшырууда толук жана ар тараптан  көмөк көрсөтүү максатында кезмет уюштурулду.

Тактап айтканда, декларациялар 28-февралга чейин, майрам жана дем алыш күндөрдү кошкондо,саат 09.00дөн 24.00гө чейин кабыл алынат.

Декларацияны иш убактыларында тапшырууга жетишпей калган салык төлөөчүлөр аны 18.00дөн кийин тапшыруу мүмкүнчүлүктөрү бар.

Эске салсак, 1-мартка чейин юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке жактар 2016-жылы алынган кирешелер же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчет берүүлөрү керек.

Демек, үстүбүздөгү жылдын 1-мартына чейин ата-мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердигин ишке ашырган чет өлкөлүк уюмдар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.

1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандыгы үчүн жеке жактарга 2000 сом жана юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Декларациялык кампания тууралуу толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 194номурунан же www.sti.gov.kgсайтынан алууга болот.

МСК басма сөз кызматы

ПОДЕЛИТЬСЯ
!!!
Дата публикации: 22.02.2017