lotype of industrial kyrgyzstan marginbottom10

БАТКЕН ШААРЫН ӨНҮКТҮРҮҮНҮН ҮСТҮНДӨ ИШТЕП ЖАТАБЫЗ

Баткен облусунун башкы планы эмне үчүн кайрадан иштөөгө берилди? Жергиликтүү элдин турак-жайга болгон муктаждыгы кандай жана башкы планды түзүү процесси кандайча жүрөт? Ушул суроолорго жоопторду аталган башкармалыктын башчысы Эргешов Кудайназар Мамытович маегибизде бермекчи.

─ Баткен облусун жана шаарын өнүктүрүү үчүн башкы план барбы жана кандай ролду ойнойт?

─ Баткен шаарынын башкы планы бар. Баткен шаардык кеңешинин 2007-жылдын 26-февралындагы №8 токтомунун негизинде Баткен шаарынын башкы планы бекитилген жана “Баткен шаарынын жер пайдалануу жана курулуш куруу эрежелери” Баткен шаардык кеңешинин 2006-жылдын 29-мартындагы №13 токтому менен бекитилген. . Бирок азыркы мезгилде башкы план эскиргендигине жана заман талабына туура келбегендигине байланыштуу Бишкектеги КНИИП менен келишим түзүлүп, корректировкаланып жатат. Башкы план шаарды иреттүү жайгаштырууда, шаардын көркүн ачууда жана ар бир курулушту жер тилкелерин максаттык багытына жараша башкы планда көрсөтүлгөндөй салынышына, шаар коопсуздугунун, санитардык-экологиялык абалдарын сакталышында чон ролду ойнойт

─ Облустун элинин кандай муктаждыктары бар?

─ Облус эли азыркы күндө турак-жайга муктаж. Баткен облусунда суулуу жер маселеси курч. Ар бир жаранга кээ бир айыл аймактарда 0,02 га үлүш жер тилкеси берилген. Эгин айдоо үчүн суулуу жер аз. Ал эми өндүрүш багытында иштеген ишканалар жок, мурда иштеп келгендери токтоп калган. Сырьё жок, өндүрүп сатуу иштери татаал. Себеби коңшу өлкөлөрдө өндүрүш күч алгандыктан бизде чыгарылган керектөөчү нерселердин баасы кымбат болууда. Облус элинин ишке жарамдуу жаштарынын 80% ички жана тышкы миграцияда. Анткени жумуштун жоктугунан, айлык акыныназдыгынан, жашоо шартын ондоо максатында чет жактарга иштөө үчүн кетишет. Өз ишин майын чыгара аткарган кесипкөй кадрлар аз Алардында көпчүлүгүн пенсионерлер түзөт.

─ Баткен облустук шааркурулушу жана архитектура башкармалыгы кандай иштерди аткарууда?

─ Биздин башкармалыктын аткарып жаткан иштери облус аймагында курулуп жаткан курулуштар үчүн чоң мааниге ээ. Анткени ар бир курулуш курулардан мурда берилген жерге кандай курулуш курганга уруксат бар экендиги тууралуу иш кагаздарын карап чыгабыз. Башкы планда кызыл сызыкка чыгып кетпешин көзөмөлдөйбүз жана жаңы курула турган курулуштарга архитектуралык пландоо шарттарын, инженердиктехникалык шарттарын, Бүтүмдөрдү, топографиялык торчолорду, курулушка уруксат кагаздарын долбоорлоо иштерин турак-жайга жер тандоо жана юридикалык докумменттерин, элден түшкөн арыз-даттанууларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун, КРнын шаар куруу мыйзамдарын, жер мыйзамдарын, КРнын Мамкурулуш агенттиги тарабынан чыгарылган буйруктарды, каттарды, Баткен облустук администрациясынан, Баткен шаардык мэриясынан келген буйруктардын, каттардын негизинде иш жүргүзөбүз. Ар бир курулуш мыйзам чегинде курулуп, талапка жооп берүүсү керек. Шаардагы калктуу конуштардын, мамлекеттик имараттардын, эс алуу жайларын жана соода багытындагы бардык курулуштардын кооздугу менен курулуш нормаларынын сакталуусун архитектура жана шааркуруу башкармалыгы дайыма көзөмөлдөп турат. Адистерибиз мына ушундай багытта иш алып барышат.

— Баткен облусунда канча калктуу конуш бар? Алардын ар биринин башкы планы түзүлгөнбү? Эгер жок болсо, ал айылдардын башкы планы качан иштелип чыгат?

— Баткен облусунда 217 калктуу конуш бар, анын ичинен 69 калктуу конуштун башкы планы бар, бирок эски бойдон калууда, ал эми 148 калктуу конушта генпланы жок бойдон келүүдө. Башкы пландын жоктугу айыл өкмөттөрүнүн каражаты жетишсиздигинен түзүлгөн эмес. Азыркы учурда башкы план калктуу конуштардын негизги талабы болуп жаткандыктан, ар бир айыл өкмөтү тарабынан финансылык абалынын мүмкүнчүлүгүнө жараша аларды түзүү аракеттери көрүлүп жатат.

— Башкы планды түзүү процесси кандайча жүрөт? Калктуу конуштар жана алардын муктаждыктары жөнүндө маалыматтар кантип чогултулат?

— Калктуу конуштардын башкы планы кандай максатта кантип түзүлөрүн айта турган болсок, эң оболу калктуу конуштардагы жашоочулардын санынын өсүшү, турак-жай үйлөргө муктаждыктардын өсүшү, жолдордун тардыгы, ичүүчү таза суулардын жана сугат суулардын жетишсиздиги жана электрлештирүү маселелерин чечүү максатында турмуштун жаңы шартына ылайыктап башкы планды түзүү процесси жүрөт. Калктуу конуштар жана алардын муктаждыктары жөнүндө маалыматты Баткен облустук статистика башкармалыгынан жана Баткен облусундагы райондук, шаардык шааркурулушу жана архитектура башкармалыктарынан, керек болсо бир айда бир жолу облус боюнча аймактарга барып, курулуп жаткан курулуштардын сапатынын долбоорго ылайыктуулугун, мыйзамдуулугун текшерип турабыз. Бүгүнкү күндө Баткен облусу боюнча 20 миңге жакын атуул турак-жайга муктаж экендиги аныкталган. Ошону эске алып, Кадамжай районуна караштуу Бүргөндү жер тилкесинин Өзбекстан менен чектешкен тарабына турак-жай куруу үчүн 1255 га жерге заманбап башкы план түзүлдү. Ал 3700 кожолукка эсептелинген. 2005-жылдын 6-майындагы КРӨ №177 токтомуна өзгөртүү киргизилгенден кийин, ар бир район, шаарлардын комиссиясынын чечими менен келген жарандарга 0,20га турак-жай куруу үчүн жер тилкеси берилет. Бул башкы планда көп кабаттуу үйлөр, социалдык объектилер, сейилбактар, ипподромдордун курулушу каралган, ошондой эле суугат суу маселелери да толук чечилген.

— Баткен облусунун, анын ичинде Баткен шаарынын башкы пландары тууралуу, жалпысынан, кандай кызыктуу маалымат бере аласыз? Жакын арада кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизүүнү ойлонуштурган жоксузбу? Баткендиктердин жашоосун жакшыртуу жана ыңгайлаштыруу үчүн эмнелерди сунуш кыла аласыз?

— Бул багытта 2017-жылдын 21-июль күнү КРӨнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кезектеги коллегиясында «КРӨнүн 2017-2025-жылдарга КРнын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча Программаны бекитүү жөнүндө» токтомундагы иш-чараларды аткаруу максатында Баткен, Кадамжай, Исфана шаарларынын жетекчилерине биринчи кезекте шаардын башкы планын түзүп бүтүрүү жагы милдеттендирилип, каржылоо маселеси республикалык бюджеттен болору белгиленди. шгБашкы пландарды түзүп бүтүрүү мөөнөтү 2020-жылга коюлду. Ал эми калган калктуу конуштар болсо, айыл өкмөттөрдүн эсебинен каржылана тургандыгы айтылып, ар бир айыл өкмөт башчысына жана аким, шаар мэрлерине жүктөлдү. Баткен облусун Ош-Бишкек шаарлары менен байланыштыруучу жолго жана коңшу мамлекеттерге жакын жерлерге логистикалык базаларды куруу, район жана шаарлардын борборлорун көрктөндүрүү жана көп кабаттуу архитектуралык заманбап курулуштарды курууну, инвестицияларды тартуу, өндүрүштүк багыттагы жерлерди көбөйтүү жана Баткен облусу жер астындагы кен байлыктарга бай болгондуктан, иштеп чыгаруу үчүн инвесторлорду тартуу биздин башкы планыбыз. Ошондуктан ушул маселелерге карап, башкы планды өзгөртүү талабы келип жатат. Баткен шаары боюнча башкы план 2006-жылы март айында бекитилген. Бирок азыркы талапка жооп бербейт. Ошондуктан башкы планды өзгөртүү муктаждыгы келип чыкты. 1-маселе — аэропорт меселеси, бул шаар үчүн өтө кооптуу, себеби шаардын үстүнөн учуп конот. 2-маселе — таштанды таштоочу жайды жылдыруу, мурдагысы шаарга жакын жайгашкан. 3-маселе — шаарды кеңейтүү, канализация жана булганыч сууларды тазалоочу курулмаларды куруу, таза суу менен элди 24 саат бою камсыздоо, көп кабаттуу үйлөрдү куруу жана бирдиктүү жылытуу системасын курууну (ТЭЦ)пландоо.

— Биздин өткөн саныбызда сиз учурда Баткен шаарынын башкы планы иштелип чыгууда жана ал эки жылдан кийин даяр болот дедиңиз эле. Ошондо 2018-жылга туура келеби? Азыркы учурда башкы пландын үстүндө иштөө кайсы этапта? Анда шаар үчүн эмне жаңылык бар? Жаңы кандай курулуштар күтүлүүдө жана алар шаар үчүн эмнеси менен пайдалуу?

— Атап айта турган болсом, Баткен шаарынын башкы планын корректирлөө жөнүндө 2014-жылы КНИИП менен шаардын мэриясынын ортосунда келишим түзүлгөн. Акча каражаты мэрия тараптан 80% төлөнгөн, азыркы учурда Баткен шаарынын алгачкы планы түзүлүп бүткөн, ушул жылдын август айынын аягында КНИИПтин адистери Баткен шаарына келип, эл менен жана шаардын депутаттары, шаардын бийлик өкүлдөрү менен биргеликте башкы пландын долбоору боюнча презентация өткөрүшөт. Андан кийин экинчи этап башталары чечилген ПДП, башкы план түзүлөт. Баарыбызга белгилүү болгондой, Баткен шаары учурда союздан калган канализацияны жана бир тазалоочу курулманы пайдаланып келе жатат, ал шаардын төрттөн бир бөлүгүн гана камтыйт. Ал эми азыр шаар өстү кеңейди, жашоо турмуш өзгөрдү, ошондуктан тез аранын ичинде жаңы башкы планды азыркы шартка ылайык түзүү керек. Жер астындагы канализация түтүкчөлөрү менен толук камсыз кылуу зарыл, жаңы суу түтүкчөлөрүн куруу, шаарда квартал-квартал болуп 3 сааттан суу берилет, сууну 24 саатка жеткирүү кажет. Жаңы конуштарга да суу, канализация, электр чубалгыларын өткөрүү — учурдун талабы. Шаарда көп кабаттуу үйлөрдү куруу, аларды борбордук жылытуу системалары менен камсыздоо иштерин уюштуруу маанилүү. Шаарды өнүктүрүүдө горизонталдык жана вертикалдык багыттар боюнча кароо керек. Ошондой эле башкы планда өнөр жай аймактарын көбөйтүү жагын колго алыш керек, болбосо инвестицияларды тартуу маселеси кыйын болот. Баткен шаарында башкы планда таштанды таштоочу жайды, аэропортту, мүрзөлөрдү шаардын сыртына чыгаруу зарыл, керек болсо жаңы шаар куруу боюнча шаардын түштүк-чыгыш жагына жаңыдан башкы план түзүү керек. Азыркы мезгилде шаардын өсүп-өнүгүп келе жатканы — бул ачык көрүнүш. Атап айта турган болсом, шаардагы ири курулуштар: биофабрика курулду, регионалдык ветеринардык лабораториянын курулушу жүрүп жатат, Баткен аэропорту реконструкцияланды, заманбап калердин курулушу, чоң көчөлөрдүн жарыктандырылуусу, жеке 2 кабаттуу үйлөрдүн курулушу шаарды көрккө бөлөп турат жана Баткен шаарынын аймагынан ипотекалык ыкма менен берилүүчү 5 кабаттуу 2 турак-жайдын жакын арада курулушу башталганы турат. Баткен телерадиокомпаниясынын заманбап жаны имаратыда жакын арада башталганы турат. Шаарды таза суу менен камсыздоо боюнча долбоорлоо иштери журуп жатат.

— Баткен шаарынын башкы планын түзүүнүн үстүндө кимдер иштеп жатышат жана бул процессте Баткен облустук шааркурулушу жана архитектура башкармалыгынын ролу кандай?

— Баткен шаарынын башкы планын КНИИП иштеп жатат, бул жерде биздин башкармалык башкы планда негизги объектилердин жайгаштырылышы боюнча тийиштүү багыттарды берип келет, бардык курулуштардын орду макулдашылат.

— Шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыктын иштерин жакшыртуу үчүн сиздин сунуштарыңыз. Иштөө жакшыраак, жеңилирээк жана жыйынтыктары үзүрлүү болуусу үчүн сиздерге эмнелер керек (мыйзамдар, кошумча милдеттер ж.б.)?

— Учурда архитектранын ишин күчөтүү үчүн эң биринчи, кесипкөй кадрлардын келишин каалайт элем, бул багытта жаш буүтүрүүчүлөргө мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп, баштапкы 2-3 жылдын ичинде туруктуу иштеп берүү жагын колго алса, ошондой ар кесип боюнча бериле турган тастыктоо сертификаттарын жаш адистерге 5 жыл эмес, 3 жыл иштегенден кийин гана бериле турган болсо жакшы болмок. Ошондой эле Баткен шаарында «Шаарды өнүктүрүү, жаңы шаар куруу» деген форматта Бишкек, Ош шаарларындагы кесипкөй адистердин катышуусу менен Мамкурулуш агенттиги жергиликтүү бийлик менен макулдашып семинар, форумдарды өткөрүп турса, жаңыдан түзүлгөн Баткен шаарынын, облустун өсүшүнө түздөн-түз оң таасирлерин берип, жакшы болот эле.

— Архитектор-куруучунун жумушу оор жана айрым учурларда кай бирөөлөр эмгекти баалап, рахмат айтып коюуга да жарабайт. Сиз ушул кесипти тандап алганыңызга өкүнбөйсүзбү?

— Архитектор-куруучунун иши оор, кээ бирде татыктуу болбогону менен, мен бул кесипти тандаганыма өкүнбөймүн. Мен Баткен шаарынын атуулу катары шаарым үчүн жана өз элим үчүн мүмкүн болгон аракетимди жасаймын, Баткен шаары келечекте Кыргызстандын түштүгүндөгү эң өнүккөн шаар болушун каалаймын.

— Эгер сизде азыр башка кестпти тандоо мүмкүнчүлүгүңүз бар болсо, кайсы кесипти тандайт элеңиз?

— Мен өз кесибимди сүйгөндүктөн, архитектор-куруучу гана болгум келет. Себеби, курулуш — экономиканын эң негизги көрсөткүчү болот.

ПОДЕЛИТЬСЯ
!!!
Дата публикации: 31.08.2017