lotype of industrial kyrgyzstan marginbottom10

АТ-БАШЫ РАЙОНУНДА ТУРИСТТИК БАЗАЛАРДЫ КУРУУ КАЖЕТ

Көз жоосун алган ажайып кооз жаратылышы бар Ат-Башы району тууралуу, Ат-Башы райондук шааркурулушу жана архитектура башкармалыгы кандай иштерди алып барууда, аймакта туризмди жана жергиликтүү тургундардын жашоосун жакшыртуу үчүн сунуштары тууралуу аталган башкармалыктын башчысы Муталипов Медербек Каныетович маек куруп берди.

— Ат-Башы өрөөнү укмуштай сонун Чатыр-Көл көлү менен белгилүү. Ат-Башы районунда туризмди өнүктүрүү керекпи? Кандай жол менен?

— Ат-Башы районундагы Чатыр-Көл көлү деңиз деңгээлинен 3530 метр бийиктикте жайгашкан, узуну 23 км, туурасы 11км, тереңдиги 16,5 м. Көлгө мөңгү суулары агып кирип, таң калычтуусу тамчы суу агып чыкпайт. Чатыр-Көл толугу менен корук аймак, көлдө канаттуулардын 100 дөн ашык түрү байырлайт. Көл жээги суусу саздак жерлер болгондуктан, канаттуулар балпандап, алардын көбөйүүсүнө ыңгайлуу шарттар толук бар. Көл жээги тынч, кооптуу жагдайлар болбогондугуна байланыштуу алар жыл сайын көбөйүүнүн үстүндө. Кыргызстандын кызыл китебине кирген ак куу 8 баш, тоо казы 700 гө жетти. Мындан сырткары өрдөктөр, чүрөктөр, арам өрдөктөр,аңыр, боз каз, суучулдуктар, ак чардак жана башка канаттуулар бар. Кыргызстандын кызыл китебине кирген канаттуулардын, жаныбарлардын бардык түрүн корук аймактарынан көрүүгө болот. Ат менен Чатыр-Көлдү жээктеп бастырып, учуп конгон каз, өрдөк жана башка канаттуулардын үн алышканын угуп, жан дүйнөңүзгө өзүнчө эле рахат тартуулаганын байкайсыз. Ушул ажайып көлдү чет өлкөдөн келген туристтерге көрсөтүп, көл үстүнө сейилдетип жана башка кызматтарды өнүктүрүп, атайын туристтик база уюштурса деген сунуштарды айтмакчыбыз.

— Райондун туристтик көркүн жакшыртуу үчүн эмнелерди куруу зарыл?

— Ат-Башы районунун туристтик көркүн жакшыртууда көп иштерди уюштуруп, атайын эс алуучу жана туристтик базаларды курса болорун белгилеп кетмекчибиз. Себеби райондо мураска калган көптөгөн тарыхый жерлерибиз: Таш-Рабат, Кошой-Коргон сыяктуу кылымдардан бери турган жайларыбыз бар. Ал эми ажайып кооз аска тоолорубуз, көк тиреген жашыл карагайлуу тоолорубуз жана ошондой эле ар түрдүү терек, тал, бадал менен курчалган токойлорубуз райондун көркүн ачат. Эки жагынан тирелген аска тоолорубуздан агып келген туптунук суу булактарыбыз тең ортодо жайгашкан Ат-Башы дарыясына куюлуп турат. Ушундай кооз жаратылышыбызга убактылуу болсо дагы, ар кандай курулмаларды жана улуттук боз үйлөрдү орнотуп, туристтерди тосуп алып, экскурсия уюштуруп, бардык керек болгон кызматтарды көрсөтүп, жогорку деңгээлде тейлеп, туризм тармагын кеңейтсе болот экендигин сунуштайт элек.

— Ат-Башы району тууралуу айтып берсеңиз, анын башка райондорго окшошпогондугу, өзгөчөлүгү эмнеде? Жергиликтүү тургундардын жашоосун жакшыртуу үчүн эмнелерди сунуштай аласыз?

— Ат-Башы району Нарын облусунун түштүк бөлүгүндө жайгашып, 1930-жылы уюшулган. Түндүк жана түштүк-чыгышында Кытай, чыгышынан Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, түндүгүнөн Нарын, түндүк-батышынан Ак-Талаа, батышынан Ош облусунун Өзгөн, Кара-Кулжа райондору менен чектешет. Аянты 19,1 миң км. Калкынын саны 64 068 (01.01.2017ж). Райондо 11 айыл өкмөтү, 19 кыштак бар. Борбору Ат-Башы айылы. Ат-башынын климаттык шарты катаалыраак: кышы узак, жай мезгили кыскараак болгондугу менен айырамаланат. Ат-башы элинин негизги жашоо багыты: мал чарбасы жана дыйканчылык жагынан көп жылдык чөп, эгинден арпа айдап, түшүм алуу жана ошондой эле картошканын түшүмүн көп алышат. Жергиликтүү тургундардын жашоосун жакшыртуу үчүн Ат-Башы дарыясынын жээгине кичи ГЭСтерди куруу, асыл тукум малдарды көбөйтүү, фермердик чарбаларды өнүктүрүү, жакшы сорттогу арпа, жашылча-жемиштерди, үрөндүк чарбаларды өстүрүүчү күнөскаларды куруу кажет. Курулуш багытында мектеп, бала бакча жана ошондой эле райондогу айылдардын жолдорун жаңыртып оңдоолорду сунуштайт элем.

— Учурда сиздер кандай долбоорлордун үстүндө иштеп жатасыздар?

— Учурда бизде Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу “Таш-Рабат” тарыхый жайынын тегерегине темир тор менен тосуп айлана-чөйрөсүн иретке келтирип, Таш-Рабат сарайына керек болгон оңдоп-түзөө жумуштарына долбоордун сметалык документтерин түзүп берүү сунушу түшүп, эки жак менен бирге даярдоого алдын-ала иштери жүргүзүлүүдө.

— Сиздердин кайсы долбооруңуздар ишке ашкан?

— Азыркы мезгилге чейин туризмди өнүктүрүү жана тарыхый мураска калган жайларды жаңыртуу, оңдоо максатында бир топ иш-чаралары көрүлүп келген. Ушул максатта 2004- жылы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Кошой-Коргон тарыхый жайында атайын музейге долбоордук документтери даярдалып берилип, жаңы музей салынды. Азыркы мезгилге чейин чет өлкөлүк туристтер жана жергиликтүү жарандарды кабыл алып, иш жүргүзүлүп, өткөн мезгилдеги ар кандай экспонаттар сакталып турат.

ПОДЕЛИТЬСЯ
!!!
Дата публикации: 31.08.2017